• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда экологиялык билим берүү боюнча санариптик платформа ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-октябрда "Таалим форум" коомдук фонду балдар үчүн кыргыз тилиндеги окуу материалдардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында экологиялык билим берүү боюнча кыргыз тилиндеги "Теребел" – санариптик платформасын сунуштады.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, "Теребел" сайтында окуучулар кыргыз тилинде экологиялык билимдерди жана жер таануу боюнча кеңири маалыматтарды алышат, мында “Балдар үчүн экология жөнүндө китеп” жана “Балдар үчүн жаратылыш жөнүндө китеп”, ошондой эле кошумча ресурстар, "Кыргызстандын жапайы жаратылышы" китептери, видео, оюндар орун алган.

Материалдар мугалимдерге экологиялык билимди жайылтууда, сабактарды даярдоодо жана география, биология жана табият таануу сыяктуу мектеп предметтери боюнча интерактивдүү иш-чараларды уюштурууда пайдалуу болот.

Платформаны иштеп чыгуу Американын Кыргызстандагы элчилигинин Китептерди которуу программасынын колдоосу менен ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий