• 88.68
  • 95
  • 0.95

Энергетика министри "Кыргызстан улуттук электр тармактарынын" окуу борборуна барды

Коом 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын окуу борборуна барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда министр окуу жайдын ишмердүүлүгү, энергетиктерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу процесси менен таанышты.

Иш-чарага энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев, "Кыргызстан УЭТ" ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков катышты.

Окуу борборунун директору Уланбек Маликов жетекчиликке оңдолгон жатакананы, окуу жана компьютердик класстарды көрсөтүп, борбордун 2024-жылга карата пландары тууралуу айтып берди.

Таалайбек Ибраев энергосистеманын өндүрүштүк курамын окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгуу, ташуу жана бөлүштүрүү процесси маанилүү экендигин белгиледи.

"Биз окуу борборун күчтөндүрүп, окугандардын санын көбөйтүп, өндүрүштөн ажыратпастан алардын квалификациясын сапаттуу жогорулатууну көздөйбүз. Энергетика тармагында кесипкөй адистерди тарбиялоо жана алар менен иш алып баруу бүгүнкү күндүн талабы. Энергетика тармагында бир катар долбоорлор ишке ашырылып, ГЭСтер курулууда, жашыл энергетика өнүгүүдө. Мунун баарына мыкты энергетиктер керек. Энергетика өтө оор жана жоопкерчиликтүү тармак. Андыктан билимге өзгөчө көңүл бөлүү зарыл", - деди министр.

Энергетика министри курсанттарды окутуу процесси менен кеңири таанышып, ошондой эле окуу борборунун жамааты менен жолугушуп, көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын угуп, жаңы жылдан баштап борбордун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу каралаарын айтып, тажырыйбалуу мугалимдердин санын көбөйтүү керектигин кошумчалады. Ошондой эле ал окуу жаңы жана заманбап технологияларды колдонуу менен жүргүзүлүшү үчүн борбордун окуу процессин методикалык жана техникалык жабдуу дагы күчөтүлөрүн белгиледи.

Эскерте кетсек, 2023-жылы окуу борборуна 1 379 адам окуудан өтүп, учурда 82 курс боюнча окутуудан өтүшүүдө. Окуу борбору энергетика тармагынын кадрларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, инженердик-техникалык кызматкерлердин жана энергетика тармагынын орто квалификациядагы билим деңгээлин жогорулатуу боюнча лицензияга ээ. Борбор башка энергокомпаниялардын жана уюмдардын кызматкерлерин да окутууга укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий