• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаратылышты өнүктүрүү фондунда 810 млн сомдон ашуун финансылык бузуулар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунда 810 млн сомдон ашуун финансылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, палатанын кеңешинин кезектеги жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун ишине 2019-2022-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет каралды.

Жыйынтыгында аталган коомдук фонддо 810 млн 256 миң 8 сомдук каржы бузуулары аныкталган, анын ичинде:

  • Фонддун финансылык каражаттарын чыгымдоодо 51 млн 835 миң сом суммасындагы бузуулар жана кемчиликтер.
  • КР айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча долбоорлорду/программаларды баалоо жана тандоо боюнча эксперттик комиссия, коммерциялык жана жеке ишкерлердин долбоорлорун каржылоону негизсиз жактырган, анын натыйжасында фонд тарабынан 758 млн 421 миң 8 сом каржыланган.

Аудиттин материалдарына укуктук баа берүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий