• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, район аймагындагы 10 орто мектепте чакан форматтагы ата-энелер менен жолугушуулар өткөрүлүп, өспүрүмдөрдүн терс жолдорго барууларынын себептери талкууланды.

Жашы жете электер тарабынан укук бузуучулуктун жана бөөдө кырсыктардын алдын алуу үчүн ар бир ата-эне өз балдарын көзөмөлгө алуу керектиги айтылды. Мектеп окуучуларынын түнкү убакыттарда көчөгө себепсиз чыгууларын болтурбоо зарылдыгы жеткирилди. Алардын азыркы шартта онлайн окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо жана сабактарга активдүү катыштыруу учурдун талабы экендиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий