• 88.68
  • 95
  • 0.95

Базар-Коргондун Карача айылында турак үйлөрдү сел суулары каптады

Аймак 0

Бишкек, 14.05.23./Кабар/. Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача айылында сел жүргөн.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, 14-майга караган түнү саат 02:30дар чамасында катуу жаан жаап, Ат-Кол чегинен түшкөн суу агындылары арыктан ашып, 15 турак үйдүн короосун каптаган.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Жеринде айыл өкмөт кызматкерлери, райондук ЖК кызматтары тактоо иштерин жүргүзүүдө.

"Базар-Коргон райондук ӨК бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан короого толуп калган сууларды суу сордуруучу мотопомпа менен чыгаруу иштери, райондук СЭК борборунун атайын бригадасы тарабынан залалсыздандыруу иштери жүрүүдө", – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле айыл өкмөттүн тийиштүү адистерине тазалоо иштери боюнча тапшырмалар берилген.

Пикир

Оставить комментарий