• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Матраимов боюнча иш аягына чыгат - вице-премьер Мамытканов

Коом 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов тергөө менен келишим түздү, мыйзам буга жол берет. Сотко чейинки процесстер жүрүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, мындан ары тергөө органдарына ишти кандай алып барууну айтуу дагы туура эмес.

"Кандай болгон күндө дагы коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Башка дагы фактылар болушу мүмкүн деп талап кылышыбыз керек. Эгерде жарандарга Матраимов боюнча фактылар болсо, тийиштүү органдарга кайрылышсын, фактылар каралат", - дейт ал.

Вице-премьер белгилегендей, учурда Райымбек Матраимовго карата ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. "Матраимов боюнча иш кандай тергелип, канчалык деңгээлде келет деген суроо туулат. Себеби буга чейин айрым иштер белгилүү баскычта токтоп калган. Эми мунун баары калыбына келтирилүүдө жана бул багытта иштер жүргүзүлөт. Биз муну менен токтоп калбай аягына чейин баруу милдетин койгонбуз жана коё беребиз. "Матраимовдун схемалары" жасалма эмес, чыныгы схемалар. Эми укук коргоо органдары коомчулукка жана биринчи кезекте журналисттерге натыйжасын көрсөтүшү керек, ошондо баардыгы толук жана ишенимдүү маалымат ала алат", - деди Мамытканов.

Пикир

Оставить комментарий