• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

30 күн убакыт берем! Садыр Жапаров расмий билдирүү жасады

Президент 0


Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров расмий билдирүү таратты. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүнүн тексти толугу менен берилет:

Урматтуу мекендештер!

Ушул күндөрү мамлекеттик бийлик бутактарына олуттуу милдеттер жүктөлүп жатат. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан мага өтө чоң жоопкерчиликтүү ыйгарым укуктар берилди.

Мындан улам, бизге ишеним арткан жалпы журттун жүгүн көтөрүү үчүн бүгүндөн тартып мен расмий түрдө өлкөдө экономикалык амнистия жарыялайм.

Максатым:

- мамлекеттик бюджетти толтуруу, кошумча киреше алуу,

- өлкөдөн чыгып кеткен жана чыгып жаткан мыйзамсыз капиталды кайра кайтаруу,

- оффшордук эсептердеги акчаларды кайрып келүү,

- көмүскө бизнестин ресурстарын толугу менен мыйзамдаштыруу,

- ишкердик чөйрөнүн баарына тең шарттарды түзүү,

- макроэкономикалык оң натыйжаларга жетишүү,

- өлкө экономикасына зарыл болгон каражатты тезинен табуу,

- мамлекеттик тышкы карыздарды төлөө.

Бул максатка жетүү үчүн:

Соңку 30 жыл бою эң кирешелүү тармактар болгон: энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүүчү, тоо кен ж.б. тармактарда:

- өзүнүн коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөн коррупционерлерге,

- ар кандай компанияларга үлүштөргө отуруп алган мурдагы чиновниктерге,

- ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алган аткаминерлерге,

- салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга,

- кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге,

- мыйзамдарды бузуп жүргөн чиновниктердин тобуна,

- министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине,

- бажычыларга жана финансисттерге –

30 КҮН УБАКЫТ БЕРЕМ!!!

Силер, өзүңөр деле, ар бир тармак боюнча коррупциялык схемаларды абдан сонун билесиңер. Аларды өзүңөр ачыкка чыгаргыла. Анын баарын мамлекеттик казнага кайтарып бергиле!

Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула.

Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла.

Жетишет!

Азырынча мен силерге УБАКЫТ жана МҮМКҮНЧҮЛҮК берип жатам.

Кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык мунапыс берүү жана акча каражаттарын, кыймылдуу-кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу үчүн укуктук-ченемдик негиздер даярдалат.

Эскерте кетсем, бул иш-чара бир гана жолу болот.

Ошондуктан жогоруда аталган адамдар жакшылап ойлонуп, капиталына жана мыйзамдуу жүгүртүүдөн чыгарылган мүлкүнө мунапыс алуу үчүн ушул учурду колдонуп калышы керек.

Укук коргоо тергөө органдары менен кызматташып, ички инвестиция жасап, акчаларды экономикабызга кайрып бергиле. Ошондо баарыңарга административдик жана экономикалык кечиримдер болот.

Мен декларациялануучу мүлктөр менен кирешенин кол тийбестигинекепилдик берем.

Мүлктү жана кирешени ыктыярдуу түрдө декларациялоо процессинде сыр сакталат.

Эгерде экономикалык амнистияны пайдаланбасаңар, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.

Бул элдин талабы!

Бул мага ишенип тапшырган элдин мүдөөсү.

Пикир

Оставить комментарий