• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Шашылыш билдирүү! Тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек. 02.08.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 2-3-августта туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ сел каптоонун алдын алуу максатында үйлөрдүн жанындагы жана чарбактардагы арыктарды тазалоону эскертет.

Пикир

Оставить комментарий