• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лос-Анджелес шаарындагы кыргызстандыктарга консулдук кызмат көрсөтүлөт - АКШдагы элчилик

Коом 0

Бишкек, 03.02.33. /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев жана элчиликтин кызматкерлери 2022-жылдын 5-6-февраль күндөрү Лос-Анджелес шаарына жумушчу иш сапары барат.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул эле күнү элчи Аманбев Лос-Анджелесте жашаган мекендештер менен жолугушуп, алардын ар кандай суроолоруна жооп берет, ошондой эле мекендештерге консулдук тейлөө иштери жүргүзүлөт (жарандык паспортту алмаштыруу, ID-картаны жаңыртуу, мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк жасоо жана башка керектүү нотариалдык кызматтар көрсөтүлөт).

"Урматтуу мекендештер кайсыл бир документти алууга келээрдин алдында сөзсүз түрдө элчиликтин https://mfa.gov.kg/kg/embassies/embassy?id=63 деген веб-сайтына баш багып өзүңүздөрдү кызыктырган документ боюнча толук маалымат менен алдын-ала таанышып, колуңуздарга веб-сайтта жазылган документтердин баарын топтоп алып келишиңерди эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

Консулдук кызмат көрсөтүү 5-6-февраль күндөрү саат 10:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлөт, дареги – 275 W Lexington Dr, Glendale, CA 91203.

Элчилик консулдук тейлөө жана жолугушууга катышуу тууралуу +1(323) 712-2131 телефон номери аркылуу билдирип коюууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий