• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өткөн жылы ПЧР-тесттин баасынын арзандашынан жарандар 130 млн сом үнөмдөдү

COVID - 19 0

Бишкек, 03.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүнкү күндө коронавирусту аныктоочу ПЧР-тесттин баасы мамлекеттик ишканаларда 788-900 сомго чейин арзандады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.

undefined

Анын айтымында, буга чейин тесттин баасы 1 миң 574 сом болгон.

“Баалар Бишкек, Ош шаарларында жана республикалык деңгээлдеги санэпидкөзөмөл борборлорунда түшүрүлдү. Ошондой эле Сокулукта дагы ПЧР-тесттин баасын 800 сомго түшүрүү чечимин кабыл алдык. Мындан сырткары, эки жеке лабораторияда тест 2 миң 100 сомго жүгүзүлүп келген, биз жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде 1 миң 300 сомго арзандады. Негизсиз бааны көтөрүүнү алдын алуу жаатында иштерди күчөтөбүз”, - дейт Тайлаков.

Тайлаков белгилегендей, жарандар ПЧР-тесттин арзандашынан өткөн жылы 130 млн сом үнөмдөгөн.

Пикир

Оставить комментарий