• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Кыргызстандын элин тазалыкка чакырган видео менен бөлүштү

Президент 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасына тазалыкка жана жаратылышты коргоого чакырган видео менен бөлүштү.

Бул роликте улгайган аял Бишкек — Ош трассасынын боюнча таштанды терип жатканы тартылган.

"Балдарым өйдө-төмөн өткөндө мындай таштандыларды таштабагыла. Президентибиз кандай айтып жатат, тазалык керек. Мен Бишкек — Ош трассасынын боюнча минтип тазалап, чогултуп жатам. Кыздарым, балдарым уят болот", - деген ал видеодо.

Эскерте кетсек, буга чейин мамлекет башчы кыргыз элин тазалыкты сактоого жана жаратылышты коргоого бир нече ирет үндөп, Ысык-Көлдүн түбүн таштандыдан тазалоо боюнча иш-чараларды жана "Жашыл Мурас" акциясын баштап, бир катар тиешелүү документтерге кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий