• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошко "Бий искусствосу-2023" эл аралык фестивалынын катышуучулары келишти

Маданият 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Ош шаарына “Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалынын катышуучулары келишти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бийчилер менен мэрдин орун басары Нурбек Кадыров жолугушуп, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген өнөрпоздорго чыгармачылык ийгиликтерди каалап, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, фестиваль бүгүн 16-август күнү саат 18:30да Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында старт алат. Ага Индия, Өзбекстан, Казакстан, Туркия жана Кыргызстандын эң алдынкы бий топтору катышат.

Ага чейин саат 17:30да борбордук аянттан театрга чейин музыканын коштоосунда бийчилердин жөө жүрүшү болот.

Пикир

Оставить комментарий