• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР делегациясы Самарканд шаарында медициналык форумга катышууда

Коом 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 16-17-августта Самарканд шаарында (Өзбекстан) эл аралык медициналык иш-чара өтүп жатат.

КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ага министрдин орун басары Тилек Мамадалиев баштаган делегация катышууда.

Иш-чаранын негизги максаты - Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө болгон Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия мамлекеттеринин калкынын бакубаттуулугун жана саламаттыгын камсыздоо.

Иш-чаранын программасына ылайык, Бүткүл дүйнөлүк түрк медициналык конгресси өтүп, ага катышуу үчүн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин гана эмес, Татарстандын да саламаттыкты сактоо министри келди.

Конгрессти Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев ачып, бүгүнкү иш-чаранын мааниси, максаттары жана күтүлүп жаткан жыйынтыктарга токтолду.

Тилек Мамадалиев өз сөзүндө бул конгресс түрк мамлекеттеринин медицина адистеринин башын кошкон маанилүү окуя экенин белгиледи.

"Мен биздин өлкөлөр бирдиктүү, тең укуктуу, туруктуу саламаттык сактоо системасын куруу жана бекемдөө милдеттерин чечүү үчүн БИРГЕ иш алып бараарыбызга ишенем", - деди министрдин орун басары.

Ошондой эле программанын алкагында өзбек-түрк медициналык форуму өтүп, медициналык көргөзмө уюштурулду. Түштөн кийин Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин жыйыны болду. Жолугушууда саламаттыкты сактоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий