• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

11 жаштагы кыз президент үчүн кыл кыякта ойноп берди

Президент 0


Бишкек, 1 июня /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев жана биринчи айым Раиса Атамбаева бүгүн Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө барышты.

Президент жана биринчи айым палаталарды кыдырып, балдар менен сүйлөшүштү. “Оору менен күрөшүп, аны жеңүү керек, а биз мында силерге жардам беребиз”, - деди Атамбаев.

Андан соң президент Балдарды коргоо күнүнө карата балдарга белектерди тапшырды.

Мындан тышкары, 11 жаштагы Аделя мамлекет башчысы жана биринчи айым үчүн кыл кыякта ойноп берди.

Маалымдама: Кыргыз Улуттук онкология радиология изилдөө институтунун базасында балдар бөлүмү 1979-жылы уюшулган. Учурда бөлүм 35 орунга ылайыкташкан, бирок, иш жүзүндө 50 орунду камсыздайт.

Бүгүнкү күнү 7 дарыгер, анын ичинде 1 бөлүм башчы жана 9 эмчи айым иштейт.

Пикир

Оставить комментарий