• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент жарандарды интернетте аралаган чагымчыл маалыматтарды ылгай билүүгө чакырды

Президент 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрда президент Садыр Жапаров түз эфирде кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

“Урматтуу кыргызстандыктар, ата-бабаларыбыз эзелтен сөз баккан эл. Интернет желесинде аралаган чагымчыл маалыматтарды ылгай билели. “Ачуу душман – акыл дос” дейт, ачууга алдырып, божомолдонгон, такталбаган маалыматтарга ишенип, ортого от жаккандардын торуна түшүп калбасаңыздар. Жүзү кара чагымчылдардын тилине кирип, стратегиялык өнөктөш, дос өлкөлөрдүн, бизге тилектеш элдердин дарегине жөн жерден жалаа жаап албайлы”, - дейт ал.

Мамлекет башчы коогалаңдуу шартта бир гана расмий органдар тарабынан берилип жаткан малыматтарга гана ишенүү керектигин белгилейт.

“Себеби азыркы учурда чек ара коопсуздугу, маалымат коопсуздугу – баары тыкыр көзөмөлдө”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий