• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенге жардам. Атайын эсепке түшкөн каражаттар максаттуу жумшалат – Финансы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Бардык финансылык каражаттар максаттуу жумшалат, бир тыйын да кетпейт. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди.

“Атайын эсепке түшкөн бардык каражаттар Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар үчүн жумашалат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 19-сентябрь саат 10:00гө карата КР жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан атайын эсепке 26 млн 72 миң 750 сом түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий