• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: Коопсуздук кызматкерлеринин шарттарын жакшыртуу багытында бир топ иштер жасалды 

Президент 0


Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. "Биз коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кызматтык дагы, социалдык дагы шарттарын жакшыртуу багытында бир топ иштерди жасоого үлгүрдүк", деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын капиталдык ремонттон өткөрүлгөн имаратынын ачылышында.

Чогулгандардын алдында сөз сүйлөп жатып, мамлекет башчысы улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамы менен куттуктады.

Садыр Жапаров кызматкерлердин жигердүү жана кесипкөй аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик жана коомдук институттардын туруктуу иштөөсү камсыз болуп, элибиздин жаратмандык эмгек менен алектенүүсүнө шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

“Мен сиздерге мына ушундай басыгыңардан жазбай, эл-жерибиздин бейпилчилиги үчүн ак кызматыңыздарды уланта бересиздер деп бекем ишенем”, - деди Президент.

Ал буга чейин кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан, 2009-жылы курулган “Торугарт-2” көзөмөл-өткөрүү пунктунда (КӨП) болгонун айтып берди. Бул КӨП “Бажы инфратүзүмү” мамлекеттик ишканасынын балансына алынып, капиталдык ремонттон толугу менен өткөрүлүп, ал пайдаланууга берилди.

Садыр Жапаров деңиз деңгээлинен 3700 метр бийиктикте турган бул аймактын катаал шартына - кышы узак, 50 градус даражага чейин төмөн түшкөн суугуна басым жасады. Учурда жаңыланган “Торугарт-2” өткөрүү пункту толугу менен бардык шарттарга ылайык келгидей салынып, жылытуу системасы алмаштырылган.

“Чоң мамлекет менен чектеш турган өткөрүү пунктун болушунча жаңылап, күчтөп, заманбап шартта кармообуз маанилүү. Өлкөнүн бюджетинин толушуна бажы кызматынын салымы зор. Дегеле өлкө коопсуздугун жана аймактын бүтүндүгүн камсыздоо, укуктук тартипти, мамлекеттин, коомдун, саясий-социалдык туруктуулугун бекемдөө милдеттери Улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн. Биз коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кызматтык дагы, социалдык дагы шарттарын жакшыртуу багытында бир топ иштерди жасоого үлгүрдүк”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгында жасалган жетишкендиктер туралуу айтып жатып, президент башкармалыктын кызматкерлери Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин Кытай мамлекети менен чек ара сызыгын тактоодо, аны коргоодо өз милдеттерин татыктуу аткарып келе жатканын белгиледи.

Ошону менен бирге өлкөбүздө болуп келаткан ар кайсыл коомдук-саясий учурларда облустагы абалды турукташтурууда, диний экстремисттик чакырыктарга каршы күрөшүүдө, коррупцияга бөгөт коюда чоң жетишкендиктерге жетишти.

Садыр Жапаров 1988-жылы курулган УКМКнын Нарын башкармалыгынын имаратына ошол 35 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн айтты. Материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин ишине тиешелүү шарттарды түзүп берүү максатында генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен демөөрчүлөр тартылып, бул имаратты короо-жайын кошо толугу менен менен оңдоп-түзөөнү колго алынган.

Жалпы жонунан 2 миң метр квадраттан ашык имараты толугу менен оңдолуп-түзөлүп, 500 метр квадраттан ашык кошумча курулуш курулду. Ошондой эле жайкы спорттук аянтчалар салынып, тосмолору тосулуп, тиешелүү жерлерге асфальт төшөлдү.

Ал имараттын оңдолуп-түзөлүшү менен бул башкармалыктын ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөшүүнүн сапаты жогорулай тургандыгына терең ишенимин билдирди.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, президент Садыр Жапаров башкармалыктын кызматкерлерине ийгилик, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий