• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда арбитрлерге видео жардам көрсөтүү системасы ишке киргизилет

Спорт 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда арбитрлерге видео жардам көрсөтүү системасы — VAR ишке киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан (КФС) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-19-декабрь күндөрү КФСнын кеңсесинде Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын оюндарына VAR системасын (арбитрлерге видео жардам көрсөтүү системасы) ишке киргизүү маселеси боюнча баштапкы кеңешмелер орун алды.

Бул жолугушууларга ФИФАнын VAR системасын ишке киргизүү боюнча адиси Гильерме Барбоса, арбитрлерди окутуу боюнча ФИФА инструктору Коваленко Валентин, ошондой эле КФСтин калыстар менен мелдештер бөлүмүнүн жана чемпионаттын негизги уктуруучусунун бир катар өкүлдөрү катышышты.

Аталган чогулуштарда Кыргызстанда VAR системасын ишке киргизүү боюнча долбоорду ишке ашыруу маселелери, жабдууларды камсыз кылган компанияларга болгон талаптар, калыстарды жана калыстын видео ассистенттерин окутуу, ошондой эле долбоорду ишке ашыруудагы мындан аркы кадамдарды бекитүү процесси тууралуу деталдуу талкуу жүрдү.

Буга чейин Кыргыз футболдук союзу VAR лицензиясын алууда консультативдик жардам көрсөтүү өтүнүчү менен ФИФАга кайрылган. Учурда КФСтин Калыстар бөлүмү өлкөдө видео жардам системасын ишке киргизүү боюнча долбоорун этап-этабы менен ишке ашырууда. Кийинки кадам - арбитр жана кайталоодо турган операторлор үчүн окуу программасын бекитүү.

Ата-мекендик калыстар корпусунун өкүлдөрүн окутуу 8 айдан 10 айга чейин созулат, андан кийин гана Кыргызстандын Премьер-лигасынын оюндарында видео кайталоо системасын колдонулушу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий