• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында шаарды өнүктүрүү иштерине колдоо көрсөткөн инвесторлор сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Нарында шаарды өнүктүрүү иштерине катышып, колдоо көрсөткөн инвесторлор сыйланы. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы Канболот Тутуев жыл ичинде аткарылган иштерге каражат, техника, жумушчу күч жана башка материалдык колдоолорду көрсөткөн ишкерлерди, мекеме жетекчилерин "Инвестор-2023" диплому менен сыйлап, ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, жыл ичинде жергиликтүү жеке ишкерлер шаардын инфратүзүмүн жакшыртууга, жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө жигердүүлүк менен катышып, дээрлик бардыгы акчалай колдоо көрсөтүп турушту.

Мэрия тарабынан аткаруу үчүн пландалган иштерди жүзөгө ашырууга, жергиликтүү бюджеттен тышкары эле 20 млн сомдой инвестиция тартылып, жергиликтүү маанидеги маселелерди жөнгө салууга, инфраструктураны жакшыртууга, бак-дарактардын көчөттөрүн алып, отургузууга жумшалды.

Мындан тышкары, Нарын шаардык мэриясы тарабынан жарыяланган "Мыктылар-2023" кароо-сынагынын жыйынтыгы менен комиссия тарабынан мыкты деп табылган шаардык-мекеме-ишкана жамааттары, көп кабаттуу турак жайлардын жашоочулары, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жогорку денгээлде алып баруу менен "Подьезди таза кармайлы" семинарынын катышуучулары дипломдор, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий