• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда президенттин жарлыгы боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Кечээ, 10-мартта Баткен шаарында президенттин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, дин өкүлдөрү, айылдык кеңештин төрагалары, аялдар кеңешинин төрайымдары, ошондой эле район шаарлардын жетекчилери, айыл аймак башчылары, айыл аксакалдары катышты.

Ашыкча ысырапкерчилике багытталган жыйында облус башчысы тиешелүү кызматкерлерди элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакындары же туугандары каза болгон үйдү катуу көзөмөлгө алуу боюнча тапшырма берди.

“Шаар, район, айылдарда тиешелүү кызматкерлер айыл аксакалдары менен биргеликте түшүндүрүү иш-аракеттерин жүргүзүү, жума намаздарда айыл өкмөт, айыл башчылары, дин өкүлдөрү менен ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча толук маалымат жеткирүүнү жана маркумду узатууда мал союлбашы керектиги боюнча талап койду”, - деп айтылат маалыматта.

Эгерде коюлган тапшырмалар аткарылбаса тиешелүү жетекчилер мыйзам чегинде жооп берүү жагы да каралды.

Жыйында айтылган сунуштар катышуучулар тарабынан суроо-жооп иретинде уланып, талкууланды. Жыйындын негизинде той-мааракелердеги жана маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы ысырапкорчулукка бөгөт коюу боюнча атайын жобо иштелип чыгуу жагы каралды.

Пикир

Оставить комментарий