• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогулда милициянын көчмө кабылдама унаасы иштей баштады

Аймак 0


Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы милициянын көчмө кабылдама унаасы жарандарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа менен милиция кызматкерлери район аймагындагы элдер менен жолугушуп арыз-даттанууларын кабыл алышып, жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө.

Тартип сакчылары жарандарды мал уурулуктарынын алдын алууга үндөп жатышат. Өз карамагындагы малдарды көзөмөлдөөгө жана суук мезгилдерде талаага коё бербөөгө чакырышууда. Ошондой эле мал базарларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарандарга акчаларын ишенимдүү сактап жана сак болуу керектиги эскертилүүдө.

Мындан сырткары жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамы унаасы менен мектептерге барышып профилактикалык жумуштарды алып барышууда.

Бул унаанын РИИБге келишин жергиликтүү тургундар да жылуу кабыл алышып, милициянын учурда аткарып жаткан жумуштарына ыраазычылык билдирип, алкоого алып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий