• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Республикалык олимпиадага Ош облусунан 35 окуучу катышты

Аймак 0

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабына Ош облусу боюнча 35 окуучу катышты. Бул тууралуу Ош облустук өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча облустун тандалма командасынын 3 окуучусу биринчи, 1 окуучусу экинчи, 4 окуучусу үчүнчү орунга ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин I, II, III даражадагы дипломдорун жана баалуу белектерин алышты. Бүгүн жеңишке жеткен окуучулар менен алардын мугалимдерин КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов кабыл алып, Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле, ал окуучуларды олимпиадага даярдаган мугалимдер да сыйланды.

«Силердин ийгилик биз үчүн абдан кубанычтуу болду. Ош облусунун атын билим берүү тармагы боюнча да татыктуу коргоп келдиңер. Үч окуучу биринчи орунду камсыздап көп жылдан бери кайталана элек рекордду койдуңар. Араңарда география сабагынан Кара-Суу районундагы М.Жаманкулов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Бакирова Аселяда мына Бишкектеги эң алдыңкы ЖОЖдорго окууга тапшыруу ниетин айтып өттү. Силер татыктуу билим алып, аны өлкөбүздүн эртеңки келечеги, элибиздин жакшы, бакубат жашоосу үчүн жумшашыңар зарыл. Биз ар тараптуу колдоого даярбыз. Бишкекке барып окууга тапшырган соң да биз менен байланышып жардам керек болсо сурагыла. Силерди ар дайым колдоого даярбыз. Ал эми быйыл 2-3 орунду камсыздаган окуучуларга айтарым спортчу да өз атаандашынын үстүнөн жеңишке жетишүү үчүн жылдап даярданат. Силерге дагы мүмкүнчүлүк бар. Келерки жылга чейин тынымсыз даярдангыла, өзүңөрдүн үстүңөрдүн иштегиле. Досторуңарга айткыла, жакшылыкка үндөгүлө. Аларда байге алып мугалдимдерди, ата-энелерди сүйүнтсүн. Силердин ийгиликке мен чын жүрөгүмдүн ыраазы болуп кубанып жатат. Жеңиш баарыбыз үчүн кубанычтуу”,-деди.

Жеңишке жетишкен окуучулардын тизмеси:

1-орун

- тарых сабагынан Алай районундагы А.Жээнбеков атындагы орто мектебинин 10 классынын окуучусу Надирбек уулу Исламидин,

- физика сабагынан Өзгөн районундагы М.Сулайманов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Жумадилов Садырбай,

- Кара-Суу районундагы М.Жаманкулов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Бакирова Аселя

2-орун

- география сабагынан Кара-Суу районундагы Кызыл Кыргызстан орто мектебинин 10-классынын окуучусу Жолдошбаев Нуртилек

3-орун

- кыргыз тили жана адабияты сабагынан Кара-Суу районундагы Маданият орто мектебинин 11-классынын окуучусу Абибилла кызы Айганыш

- кыргыз тили жана адабияты сабагынан Ноокат районундагы Крупская атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Аширбаева Айгерим

- математика сабагынан Ноокат районундагы Алтын Казык орто мектебинин 11-классынын окуучусу Азамат уулу Абдылас

- химия сабагынан Алай районундагы Т. Жумабаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Жанибек кызы Айпери.

Пикир

Оставить комментарий