• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамлекеттик мүлктү каттоо 2017-жылдын 1-декабрында аяктайт-ММБФ

Коом 0

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. “Учурда мамлекеттик мүлктү каттоо иши кызуу жүрүп жатат. Ушул жылдын март айында атайын жумушчу топ түзүлгөн. Мамлекеттик мүлктү каттоо иш аракеттери 2017-жылдын 1-декабрына чейин жыйынтыкталат”,-деди маалымат жыйында Б. Казаков.

Казаков ошондой эле, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен өлкөдөгү мамлекеттик мекемелерде оптималдаштыруу иштери жүргүзүлгөнүн айтып, анын жыйынтыгында 1000 ашык мамлекеттик мекемелердин иштебей тургандыгы аныкталганын кошумчалады.

“Жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, 1000 ашуун мамлекеттик ишканалар иштебей, кагаз жүзүндө гана бар экени аныкталган. Бүгүнкү күнгө алардын болгону 166сы гана иштеп турат. Мындан ары алардын санын менчиктештирүү, акционердик коомго айлантуу, жоюу, мамлекеттик мекемеге айлантуу жолдору менен 26га жеткирүү пландалды”,-деп билдирди Болсунбек Казаков.

ММБФнын төрагасы мамлекеттик мекемелерди оптималдаштыруунун жыйынтыгы менен бир катар ченемдик актыларга өзгөртүү киргизүү талап кылынаарын баса белгилеп өттү. Ошондой эле, “мамлекеттик мекемелердин негизги чыгашаларынын биринчи себеби, ал жактагы ыгы жок көбөйтүлгөн кызматкерлердин штаты жана башкаруунун натыйжасыздыгы”,- деп атады. “Өкмөт башчысы биздин алдыбызга так максаттарды койгон, мындан улам биз ушул багытта иш алып барабыз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий