• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы тоо чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысмы берилди

Коом 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Кыргызстандагы тоо чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысмы берилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен билдиришкендей, Жаштар иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер Кыргыз Ала-Тоосунун борборундагы ("Салык" мөңгүсүнүн жанындагы) бийиктиги 4 миң 650 метрге жеткен мурда аты жок болуп келген чокуга чыгып, ал жерге Турдакун Усубалиевдин ысымы жазылган тактаны орнотушкан. Бул жүрүш Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, КР Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган.

Экспедицияга Михаил Даничкин, Андрей Алинов, Виктор Филинов (баары альпинист) жана дарыгер Асель Байбагышева катышкан.

Пикир

Оставить комментарий