• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында узундугу 130 метрден ашкан шырдак жасалды

Аймак 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Нарын облусундагы Соң-Көл жайлоосунда узундугу 130 метрден ашкан кыргыз шырдагы жасалды.

«Нарын медиаборбору» телеканалы билдиргендей, шырдак жасоого «Алтын кол-Нарын» кол өнөрчүлөрдүн коомдук бирикмесинин демилгеси менен облустук аймагындагы 70 уз-чебер тартылган.

«Фестивалдын негизги максаты кыргыз шырдагын дүйнөгө даңазалап, эң узун шырдак менен Гиннестин рекорддор китебине кирүү болуп саналган. Касиеттүү Соң-Көлдө өткөн «Эң узун шырдак-Нарында» аттуу фестиваль маданий иш-чаралар жана ат оюндары менен коштолду», - деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөттөр: Нарын медиаборборунуку

Пикир

Оставить комментарий