• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жашыл мурас: Нарын шаарында 500 түп арча көчөтү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Кечээ, 21-мартта Нооруз майрамын утурлай Нарын шаарында жашыл арчанын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бак тигүү жөрөлгөсүнө КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, шаар мэри Канболот Мусаев, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров жана башка жетекчилер катышты.

Көчөттөрдү отургузуу иш-чарасы өлкө башчысынын "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий