• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто дарыканадагы сатуучуларды алдап жүргөн өзбек жаранды кармашты

Аймак 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери дарыканадагы сатуучуларды алдап жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ушул жылдын январь-февраль айларында эле Ош шаарынын 3 тургуну арыз менен кайрылышкан. Жабырлануучулардын үчөө теӊ шаар аймагындагы аптекаларда сатуучу болуп иштешет.

Алардын айтуусуна караганда, «Айбек» деп өзүн тааныштырган жаран алардын ишенимине кирип, кымбат баалуу дары-дармектерди насыяга алып, андан ары изин жашырып кеткен. Жабырлануучулардын бирөөсүнөн 10 миӊ сомдон ашуун, экинчисинен медициналык аппарат менен кымбат баалуу бир нече дарынын түрүн, ал эми үчүнчү жабырлануучудан «Редми» үлгүсүндөгү телефонун «бирөөгө чалып алайынчы» деп алып, аптекада соода жасап, алаксып калганда изин жашырып кеткен.

Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Өзбекстандын жараны 1986-жылы туулган Ж.А. кармалды. Ал алдамчылык жолу мене алган дары-дармектеринин көпчүлүгүн жана «Редми» үлгүсүндөгү кол телефонун Өзбекстанга барып сатып жиберген.

Ош шаардык соту тарабынан алдамчылыкка шектүү катары кармалган Ж.А. нын баш коргоо чарасын карап, аны бир айга абакка кармоого чечим чыгарды. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар, же жоктугу текшерилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий