• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Чек арачы Кулатбек Абдисамат уулу акыркы сапарга узатылды

Аймак 0


Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Тажикстандын Кыргызстанга кол салуу учурунда КР УКМКнын Чек ара кызматынын прапорщиги Кулатбек Абдисамат уулу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

16-сентябрда ал Үч-Дөбө айылында кызматта болгон. Ал жети жыл кызмат өтөгөн.

Кулатбек Абдисамат уулу 1991-жылы Баткен районунун Ак-Татыр айылында туулган. Анын артында жубайы, 4 уул, 1 кызы калды.

"Кабар" агенттигинин жалпы жамааты Кулатбек Абдисамат уулунун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий