• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде жаңы гемодиализ борбору ачылды

Аймак 0

Ош, 30.01.19. /Кабар/. Баткен шаарында "Саламат Баткен" кыргыз-түрк жаңы гемодиализ борбору ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Борбордун ачылыш аземине вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, дарыгерлер жана жергиликтүү тургандар катышкан.

Жаңы борбордо 5 гемодиализ аппараты бар. Алардан күнүнө 10 адам, бир жумада 60 адам дарылануудан өтүп тура алат.

Мамлекеттик медициналык камсыздандыруу фонду ар бир бейтапка дарылануусуна 4700 сом бөлүп турат. Ал эми бейтаптар кошумча медициналык кызмат үчүн 550 сом төлөшөт.

Баткен облусунда 36 адам гемодиализ менен дарыланууга муктаж.

Алтынай Өмүрбекова эми бейтаптар дарылануу үчүн Ош же Бишкек барып, узак жол жүрүп отурбай турганын билдирди. Алар үчүн Баткенде бардык шарттар түзүлүп, алар акчасын жана каражатын үнөмдөй алышат.

2018-жылдын декабрь айында гемодиализ борбору Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында ачылган.

Пикир

Оставить комментарий