• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы Токтогул сейил багы реконструкцияланат

Аймак 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад шаарындагы Т.Сатылганов атындагы сейил бак реконструкциядан өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эс алуу багында жарыктандыруу, тротуарлар, отургучтар толугу менен жаңыланып, көрктөндүрүү иши жүргүзүлөт. Ошондой эле парктагы фонтандар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

"Паркты реконструкциялоого 23 млн 831 миң сом сарпталат. Курулуш Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда. Учурда паркты оңдоп-түзөө иштери башталды", - деп белгилешти мэриядан.

Белгилей кетсек, аталган парк 1960-жылдары негизделген. Андан бери ар кайсыл бөлүгүндө оңдоп-түзөө, брусчатка басуу жана асфальт төшөө сыяктуу иштер жүргүзүлгөн. Ал эми толук реконструкциялоо иши жүргөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий