• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статкомдун төрагасы Ош облусундагы эл каттоо жараяны менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Улуттук статистика комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов бүгүн Ош облусунда бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Статкомдун билдирүүсүнө караганда, Кудайбергенов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов жолугушту. Анда Ош облусунда эл жана турак жай фондун каттоо иш-чарасында элдин активдүү катышуусу, каттоо иштери үчүн техникалык камсыздоо жана башка иш процесси жөнүндө сүйлөшүштү.

Ошондой эле Статкомдун төрагасы Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов менен жолугушуп, эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшү талкууланды.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында каттоо иштери 45%га аткарылды. Калкты жана турак жай фондун каттоонун ар бир кызматкерине 80-150 обьект, ага 300-350 жаран туура келет.

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен эл жана турак жай фондун каттоонун алкагында конкурс жарыяланган:

- “Мыкты координатор”,

- “Мыкты инструктор-контролер”,

- “Мыкты каттоочу”.

Номинацияларынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Кыргыз Респулбикасынын тургундарын мамлекеттик маанилүү окуяга жоопкерчилик менен мамиле жасап, активдүү катышууга чакырабыз. Каттоочуга түшүнүү менен мамиле жасап, анын суроолоруна жооп берүү ар бир адамдын атуулдук милдети.

Жер-жерлерде эл каттоонун өтүшүнүн ыкчамдуулугун камсыз кылуу жана каттоонун жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн Статкомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жана төраганын орун басарлары иш сапар менен республиканын аймактарында жүрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий