• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 30-мартынан 2-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунун бир катар унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар:

- Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

- Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 1-14-чакырымында (Өтмөк ашуусу);

- Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-76, 84-92-чакырымында (Чапчыма ашуусу);

- Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымы, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-95-чакырымы, Ош-Сары-Таш-Эркештам автоунаа жолунун 160-179-чакырымы (Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунун 136-137-чакырымы (Батман-Көл айылы), 147-150-чакырымы (Кара-Тейит айылы), Бишкек-Нарын-Торугарт 289-305-чакырымы (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44-чакырымы (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымы (Кара-Гөө ашуусу);

- Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-48, 65-90-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий