• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош базарындагы өрттөн кийин соодагерлер контейнерлерин миллиондогон сомдук таштандыдан тазалашууда

Коом 0

Бишкек, 23.04.18. /Кабар/. Өлкөнүн ири базарларынын бири – Ош базарында быйылкы жылда үч жолу өрт чыгып, акыркысы миллиондогон сомдук зыян алып келди. Бүгүн базарда абал кандай, товарлары күйүп кеткен соодагерлер кантишти.

Азык-түлүк, кийим-кечек жана тиричилик техникасы сатылган базар бөлүгүнүн дарбазасынан топ эркек тосуп алышат. Алар “жакшы” колдонулган (б/у) телефондорду сунушташат. Алардын айтымында, баалары ЦУМдукунан төмөн. Сатып алуучулар уюлдук аппараттарды алып, отура калышып сапатын текшере башташат.

Базардын ичинде “Дордой” базарына салыштырмалуу таза. Айтмакчы, Ош базарында иш күнүбү же эс алуу күнү болобу адамдар дайыма көп.

Акыркы ирет өрт чыккан жерге кирүүгө болот. Калдыктар, жерде күйүп кеткен плазма телевизорлору, велосипеддер, дары-дармектер, кир жуучу каражаттар, кымбат идиш-аяк. Буларды көрүп мында бомба түшкөндөй сезилет.

Контейнерлердин ээлери кол кап жана бет кап кийип алышып, товардарынан калган таштандыларды тазалап жатышат. Ар бири кайрадан ишке киришүү үчүн таштандыны эртелеп тазалоого аракет кылышкан.

Света эже “Мадонна” декору менен кымбат фарфор идиш-аяктарды сатчу. 7 млн сомдук болгон товары саналуу мүнөттөрдө күйүп кетти. Эми ал баарынан жок кылуу үчүн чогултуп жатат. Беш орундун ижарасы үчүн ал жумасына 2850 сомдон төлөп келген. Света эже Ош базарында жыйырма бир жылдан бери иштей турганын, мындай жагдайга биринчи жолу туш болгонун айтты.

Ал эми Космос байкенин бардык кашык, вилка, бычак жана башка товарлары күйүп кеткен. Алардын жалпы суммасы 600 миң сом болгон. Учурда анын аялы “аман калган” буюмдарды өрт чыккан жерде унаанын багажына тизип алып сатып отурат. Өзү өрттөн кийинки таштандыны тазалоодо.

Жаныш байке 800 миң сомдук кир жуучу каражаттарынан зыян тартты. Анын дүкөнүнүн жанында велосипед, плазма телевизорлору сатылчу. Баары күйүп кетти.

Соодагерлердин көпчүлүгүнүн насыялары бар, үй-бүлөлөрүн багуулары керек, балдарынын окуулары үчүн төлөшөт. Буга байланыштуу мамлекетти аларга кайрадан иш баштоо үчүн жайды калыбына келтирип берүүнү суранышат.

Ош базарын шаардан тышкары көчүрүү сунушун жактырбай кабыл алышты. Алардын айтымында, базарды куруп жаткан кезде анын шаарга тоскоолдук кыларын же жоктугун ойлонуу керек болчу.

Эскерте кетсек, 13-апрелде Ош базарында өрт чыгып, 2,5 миң чарчы метр аянт күйүп кеткен.

Кийин товарлары өрттөнүп кеткен соодагерлер парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуп, кырсыктан кийинки көйгөйлөрү менен бөлүштү. Төрага бул маалыматты карап чыгууну убада кылды. Өкмөттөн дагы жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү убада кылынды.

Пикир

Оставить комментарий