• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эл аралык каржы донорлорунун көмөгү менен “Ден соолук” программасынын натыйжалуулугу жакшырат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. Жогорку Кенештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «Бишкек шаарында 2017-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу катын ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы жылдары эне жана ымыркай балдардын өлүм көрсөткүчү кыскарууда. 2015-жылдагы ЮНИСЕФтин Дүйнөлүк отчётуна ылайык, Кыргызстан МЖӨнү жүзөгө ашырган өлкөлөрдүн катарына кирген (1990-жылга салыштырмалуу балдар өлүмүнүн деңгээлин 2/3 гө кысткарткан). Стационардык тейлөөдөн Баштапкы медициналык-санитардык жардамга (БМСЖ) өтүү иштери акырындык менен жүрүп жатат.

2016-жылдын аягына карата «Ден соолук» программасы үчүн бөлүнгөн донордук каражаттардын ичинен 25 млн. 05 миң АКШ доллары өздөштүрүлгөн. Программанын аягына чейин дагы 18 млн. 06 миң АКШ долларын өздөштүрүү пландалууда. Мындан сырткары 2016-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Республикасынын Өкмөтү ортосунда 2016-жылдын 20-майында ратификацияланган №66 Каржылык кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлган жана анда 2017-2018-жылдарга карата «Ден соолук» программасын колдоо үчүн 10 млн. 950 миң евро караштырылган. Ошондой эле 2017-жылдын аягына чейин каржылык жана өзгөчө макулдашууга кол коюу пландалууда.

Жогоруда баяндалгандарды, макулдашуунун, кол коюунун жана КР Өкмөтү менен Биргелешип каржылоонун катышуучуларынын ортосундагы финансылык макулдашууларды ратификациялоонун узактыгын, ошондой эле пландалган иш-чараларды аягына чыгаруу үчүн донордук финансылык каражаттардын бардыгын, мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоолордун талап кылынбай тургандыгын эске алуу менен, мурда кол коюлган Макулдашууга карата өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты.

Эл аралык Реконструкция жана өнүктүрүү банкынын 2017-жылдын 22-мартындагы катына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине юридикалык документтерге айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушталган. Долбоорду иштеп чыгуунун максаты төмөндөгүдөй түрдө өзгөртүлөт: «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоо боюнча «Ден соолук» Улуттук программасынын алкагында эне жана баланын ден соолугун коргоо үчүн сапаттуу кызматтардын көрсөтүлүшүн жакшыртууга көмөк көрсөтүү». Долбоордун максатынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу долбоордун натыйжалуулук мониторингинин көрсөткүчтөрүнө дагы өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Депутат Айнуру Алтыбаева бүткүл өлкө аймагы боюнча медициналык камсыздандырууга өтүү зарылдын белгилеп, депутаттардын көӊүлүн акыркы мезгилде энелердин өлүмү кайрадан көбөйүп баратканына, медициналык кадрларды ротациялоо зарылдыгына бурду.

Пикир

Оставить комментарий