• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Үйлөрү ураган баткендиктерге кенемте төлөнөт

Коом 0

Бишкек, 17.10.22. /Кабар/. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам үйлөрү урагандар баткендиктерге бир жолку кенемте төлөнөт.

Финансы министрлигинен билдиргендей, 17-октябрга карата Баткенге жардам берүү үчүн ачылган бирдиктүү эсепке 327 млн 432 миң 141 сом түштү. Анын ичинен 62 млн 650 миң сом сарпталды, учурда эсепте 269 млн 680 миң 334 сом калды.

Баткенде 246 жаран бир жолку кенемте алышты.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий