• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги "Ынтымак-2" сейил багына көчөттөр отургузулду

Коом 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Бишкектеги «Ынтымак-2» сейил багында дагы бир масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күзгү көчөт отургузуу жана жаңы сейил бак куруу планына ылайык, 100гө жакын тамыры ачык көчөттөр отургузулду.

Сейил бакка «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын күнөсканасында өстүрүлгөн мажүрүм талдар жана «Armyroom” жамаатынын белеги болгон кайыңдар отургузулду.

Отургузуу ишкананын директору жана башкы агроном баш болгон жашылдандыруучулардын катуу көзөмөлү астында жүргүзүлдү.

Эске салсак, ачык тамыр системасы бар дарактарды шире агымы токтогондо, күзүндө отургузуу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий