• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кичинекей окурман — Бишкекте алгачкы жолу балдар адабиятына арналган фестиваль өтөт

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Бишкекте алгачкы жолу балдар адабиятына арналган “Кичинекей окурман” фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чара 18-февралда Чыңгыз Айтматов проспекти 1/1 дарегиндеги “Сейтек STEM” мектебинде өтөт. Убактысы: саат 10:30дан 16:00гө чейин.

Фестиваль атайын түзүлгөн аянтчаларда таанытмалар жана панелдик талкуулар менен коштолуп, коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу демилгесин көтөрөт.

Ошондой эле балдар китептеринин чоң жарманкеси, атайын мастер класстар, жомок жана кыргыз, англис тилдеринде китеп окуу сааттары жана чыгармачылык зоналары менен камсыздалат.

Аталган фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан жаштарды өнүктүрүү, социалдаштыруу максатында жарыяланган сынактын жыйынтыгы менен ишке ашып жаткан алгачкы долбоор болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий