• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу чаралары күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Талас шаарынын аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, отурумдун жүрүшүндө 2024-жылдын январь айынын ичинде кандай иш-чаралар жүргүзүлгөндүгү боюнча маалыматтар берилип, алдыда аткарыла турган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо боюнча иш-чаралар планы бекитилди.

Бекитилген иш-планга ылайык, комиссиянын мүчөлөрү үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жарандарга жана балдарга мыйзам чегинде юридикалык, укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жардамдарды көрсөтүү жана калк арасында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды алып баруу боюнча милдеттендирилди.

Иш-чара Талас шаарынын мэриясы тарабынан Талас шаардык милициясы менен биргеликте уюштурулду.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Талас шаарынын мэриясы Талас шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте шаар аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында күчөтүлгөн тартипте бир катар иштерди жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий