• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 300дөн ашуун медик кызамык жана кызылчаны алдын алууга окутулат

Ден соолук 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда 31-июлдан 17-августка чейин медицина кызматкерлери кызамык жана кызылчаны алдын алуу боюнча окуу-тренингден өтүшүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окутуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору тарабынан Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана Үй-бүлөлүк медайымдардын ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду.

"Тренингдин максаты эпидемиялогиялык көзөмөл системасын активдештирүү жана кызамык менен кызылчанын жайылышын өз убагында чектөөдө биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүү (БМСЖ), стационардык жана коомдук саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн кызамык/кызылча ооруларынын эпидемиологиялык көзөмөлүн жогорулатуу жана ошондой эле полиомиелитке/курч шал оорусунун (ВКБ) эпидкөзөмөлүнө сак болуу маселелери боюнча интеграцияланган тренингдерди өткөрүү болуп саналат. Ар бир облустан 40ка жакын медициналык кызматкер – үй-бүлөлүк дарыгер окутулат", - деп айтылат маалыматта.

Кызамык/кызылчанын өтө жугуштуулугуна байланыштуу эпидемиялогиялык көзөмөл системасын күчөтүү иш-чаралардын жүргүзүлүшүнө карабастан, Кыргызстандын аймагында жана оорукананын ичинде инфекциянын, өзгөчө 1 жашка чейинки балдарга таралуу коркунучу бар.

Медициналык кызматкерлерди окутуунун негизги максаты - бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын кызамык жана кызылча ооруларына, ошондой эле полиомиелит оорусуна чалдыккандардын эң кичинекей топторун да табууга жөндөмдүүлүгүн жана вирустун үзгүлтүксүз табигый циркуляциясын аныктоого билим деңгээлин жогорулатуу.

Окутуунун жүрүшүндө медицина кызматкерлери этиологиясы, диагностикасы, дарылоосу жана алардын клиникалык табияты боюнча кеңири маалымат алышат, жана ошондой эле байкоо системасынын иштеши ооруларды иликтөө жана диагнозду тастыктоо боюнча да кеңири талкууланат.

Бул иш-чаранын жыйынтыгында республика боюнча 300дөн ашык медицина кызматкерлери окутулат.

Пикир

Оставить комментарий