• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Батыралиев: Бишкектин медмекемелеринин санитардык абалы аймактардан начар

Ден соолук 0

Бишкек, 18.08.17 /Кабар/. Бишкектеги медициналык мекемелердин санитардык абалы абдан начар, айрыкча даараткана жана санитардык түйүндөрү. Аймактарда абал жакшы. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев 18-августта министрликтин кезектеги жыйынында айтты.

“Медициналык мекемелер тазалыгы менен айырмаланышы керек. Имарат эски болсо да, таза болушу шарт. Алды менен ооруканаларыбыз медицина жыттанып турушу керек”,- деди Батыралиев. Ал ар бир өлкөнү, ар бир ФАП, ҮДТ, ооруканаларды кыдырып чыкканын кошумчалады.

Ал белгилегендей, Беловодск, Жайыл райондорунун ооруканаларынын абалы жакшы.

Анын айтымында, аймактык ооруканаларга салыштырмалуу улуттук борборлордо жагдай башкача. “Тескерисинче, алар жетекчиликтин, дарылоонун жана диагностика жаңы ыкмаларын, үлгүлүү санитардык абалды көрсөтүүлөрү керек эле”, - деди саламаттык сактоо министри.

Ошондой эле, ал жер төлөөлөр таштандыга толгонун, ооруканалардын көптөгөн жетекчилери мамлекет бул багытта каражат бөлбөй жатканын көрсөтүшкөнүн айтты.

“Анда эмне үчүн башкалардын колунан келип жатат?”, - деп суроо салган министр мындай абалдан чыгып, ооруканалардын санитардык абалын камсыздоо үчүн жетекчи болорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий