• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус: Дүйнө жүзү боюнча илдетти 82 миңден ашык адам жуктуруп алды — ССМ башчысы

Ден соолук 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Дүйнө жүзү боюнча коронавирусту 82 миңден ашык адам жуктурду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 27-февралга карата маалыматына таянсак, дүйнөдө аталган илдетти 82 миң 297 адам жуктурду.

"Коронавирусту жуктурган эң көп учур Кытайда катталды. Ал жерде 78 миң 630 адам ооруп жатат. Ошондой эле Кытайда 2 миң 747 жаран каза болгон", - деп кошумчалады министр Чолпонбаев.

Пикир

Оставить комментарий