• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Бишкекте мобилдик топтор тарабынан 36 миң 803 чыгуу болгон

Ден соолук 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарында мобилдик топтор тарабынан 36 миң 803 чыгуу болгон. Анын ичинен 554 бейтап ооруканага жеткирилип, 38 миң 816 адамдын ПЧР-тестти алынган.

Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, оорунун жайылып жаткан мезгилинде ар бири райондо ондон болуп жалпы 40 мобилдик топ түзүлгөн.

"Учурда борбордо кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу 7 гана медициналык топ иштеп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Шаар бийлиги кошумчалагандай, мобилдик топтор “118” кыска номерине жана үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылган жарандарга да барууда.

Пикир

Оставить комментарий