• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мирзиёев милициянын үстүнөн прокурордук көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 18.08.17. /Кабар/. 17-августта Ташкентте өткөн видеоселектордук жыйында Өзбекстан президенти Мирзиёев ички иштер органдарындагы көйгөйлөрдүн пайда болушуна жана чечилбей келишине кандайдыр бир дэңгээлде район жана шаар прокурорлору күнөөлүү экенин билдирди.

"Прокуратуранын негизги тапшырмаларынын бири – ички иштер органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, кылмыштуулуктун алдын алууда алардын ишмердүүлүгүн координациялоо. Бирок прокуратуранын кээ бир кызматкерлери ишке кесирин тийгизип, ак ниеттүүлүк менен өз милдеттерин аткарбай жатышат. Бир сөз менен айтканда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө прокурордук тыкыр көзөмөл болбой жатат”,-деди президент.

Жыйында кылмышкерлердин бетин ачуу жана аларды кармоо иши дагы сынга алынды. Бүгүнкү күнгө карата 3186 кылмыштын бети ачыла элек, алардын ичинен 15958 киши издөөгө алынган, кармалгандардын саны болгону – 5250. Мирзиёев тартип сакчылары айрым кылмыштарды жашырып жаап коюп жатканын баса белгиледи.

Буга байланыштуу президент Башкы прокуратурага ички иштер органдарынын үстүнөн эффективдүү прокурордук көзөмөлдү күчөтүүнү жана прокурорлордун жеке жоопкерчилигин жогорулатууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий