• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токмок шаарында 15 жаштагы Сезим Сталбекова изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.06.21./Кабар/. Токмок шаарында 2006-жылы туулган Сталбекова Сезим Улановна изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, ал 2021-жылы 31-майда Токмок шаарындагы Трясин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: бою 150-155 см, арык-чырай, кой көз, чачы узун, күрөң түстө, көкүлүндө сары түс бар.

Кийими: кара түстөгү футболка, агыш түстөгү джинсы шым, кара-ак түстөгү спорттук бут кийим.

“Көргөн-билгендер болсо төмөндөгү номерлер аркылуу баланышып коюну өтүнөбүз: Чүй облустук милициясы: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85; Токмок шаардык милициясы: (0312) 60-73-63, (03138) 6-31-02, 0501 90 00 65, 0551 102 753”,-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий