• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

7-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 3-декабрдан 7-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

3-декабрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-декабрда эртең менен, күндүз жана 5-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 5-декабрда күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-декабрда жана 7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

3-декабрда жана 4-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда эртең менен, күндүз жана 5-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

6-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

3-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-декабрда эртең менен, күндүз, 4-декабрда жана 5-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 4-декабрда күндүз жана 5-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

5-декабрда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

6-декабрда жана 7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-декабрда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

3-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-декабрда күндүз жана 4-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-декабрда эртең менен, күндүз жана 5-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-декабрда күндүз жана 6-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-декабрда күндүз жана 7-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-5-декабрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

3-декабрда жана 4-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда күндүз жана 5-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

6-декабрда түнкүсүн Чолпон-Ата шаарында бир аз кар жаашы мүмкүн, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

6-декабрда күндүз жана 7-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-5-декабрларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

3-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-декабрда жана 5-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-5-декабрларда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий