• 88.68
  • 95
  • 0.95

Монголиянын премьери "Кыргызалтын "ААКнын “Аффинаждоо заводу” филиалына барды

Коом 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Кыргызстанга иш сапары менен келген Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ "Кыргызалтын" ААКнын “Аффинаждоо заводу” филиалынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты.. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ААКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Монголиянын премьер-министрин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коштоп жүргөн.

“Аффинаждоо заводу” филиалына болгон иш сапарынын алкагында Монголиянын премьери чендик куймаларды чыгаруу, өндүрүү процесси жөнүндө жана баалуу металлдын эритмесинин техникалык өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Ошону менен бирге тараптар биргелешкен кызматташуу маселелерин жана эки өлкөнүн тоо-кен компанияларын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Белгилей кетсек, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ 23-октябрда Бишкекке келген. Ал үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Пикир

Оставить комментарий