• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Түшүндүрүү иштеринен кийин 2 жаран экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартты

Коом 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Түшүндүрүү иштеринен кийин эки жаран экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-августта УКМК кызматкерлери тарабынан "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү А.М.М., К.Р.А. жана Т.М.Э.ге карата Кыргызстандын аймагындагы ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынгандыгы жана ага катышууга КР мыйзамы менен жоопкерчиликке тартылаары маалымдалган.

Ошентип, УКМК тарабынан көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында К.Р.А. жана T.M.E. , А.М.М аттуу жарандар тандап алган диний багыты жаңылыш экенин түшүнүү менен, алар зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартышты. Алар башка жарандарды да "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" диний экстремисттик диний уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.

Учурда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын жана анын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн андан ары аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий