• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан ЕБнын талаптарына ылайык "кара тизмеден" чыгуу боюнча документтер топтомун даярдоодо

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Учурда Кыргызстан Европа биримдигинин (ЕБ) эксперттеринен 2020-жылдын 18-декабрында келип түшкөн маалыматтардын негизинде, биримдиктин талаптарына ылайык документтер топтомун даярдап жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Транспорт жана жолдор министрлигинин Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев билдирди.

"2020-жылдын 25-ноябрында учуулар коопсуздугу боюнча Европа агенттигинин өкүлдөрү менен болгон видео конференцияда кыргыз тарап Европа биримдигинин эксперттери тарабынан баа берүү үчүн бир катар тиешелүү документтерди берүүсү зарыл деп айтылган. Аудитордук топ Кыргызстанга текшерүү иштерин жеринде жүргүзүүгө келишет, анын жыйынтыгы боюнча акыркы отчет Европа комиссиясына жөнөтүлөт", - дейт ал.

Шаршеев кошумчалагандай, пандемия учурунда Жарандык авиация агенттиги Россия, БАЭ, Кытай, Бангладеш, Индия, Түркия, Корея, Белорусиядан жарандарды алып келип жаткан.

"Жалпы 134 миң 745 жүргүнчүнү алып келген. Азыр жумасына "Манас" аэропортунан 29, "Ош" аэропортунан 37 учуу болууда", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий