• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жолдордун чуңкурларын жамоо иштери жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Бишкекте жолдордун чуңкурларын жамоо иштери жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын кызматкерлери Ахунбаев көчөсүндө Юнусалиев көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин иш алып барууда.

Байтик баатыр көчөсүндө Аалы Токомбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсүндө Лев Толстой көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин чуңкурлар жабылган. Бүгүн Абдрахманов көчөсүн бойлой Чүй жана Жибек Жолу проспектилеринин ортосундагы тилкени жамоо иштери пландалууда.

Белгилей кетсек, Байтик баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө 2001-2003-жылдары капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүн жабууга кепилдик мөөнөтү 5 жыл болгон.

Пикир

Оставить комментарий