• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сауд Аравиясы чет элдик зыяратчыларга Меккеге ажылыкка барууга уруксат берди

Коом 0

Бишкек, 09.04.22. /Кабар/. Сауд Аравиясы чет элдик жарандардын ажылыкка баруусуна уруксат берип, зыяратчылардын санын миллионго жеткирди.

Маалыматты “Кабар” агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан ырасташты.

“Маалымат Сауд Аравиясынын Ажылык-умра министрлигинин сайтына чыкты. Бирок Кыргызстанга расмий түрдө маалымат келе элек. Эгер Сауд Аравиясынын аталган министрлигинен расмий билдирүү келсе, муфтият кайрылуу жасайт”, - деп белгилешти муфтияттан.

Сауд Аравиясынын билдирүүсүндө айтылгандай, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн 65 жашка чейинки жарандарга ажылыкка барууга уруксат берилген. Чет өлкөлүктөр учуу алдында 72 сааттан эрте эмес жасалган терс жыйынтыгы менен ПЧР-тестин көрсөтүшү керек.

Сауд Аравиясынын Ажылык-умра министрлиги зыяратчылар ажылыкка келгенде өздөрүнүн ден соолугун жана коопсуздугун сактоо үчүн сактык чараларын көрүп, профилактикалык көрсөтмөлөрдү аткаруусу керектигин баса белгиледи.

Быйыл ажылык сапар 7-июлдан 12-июлга чейин белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий